«Төрөтканага жетпей калдым окшойт» деди». Бишкекте келин таксиде көз жарды

26 жаштагы Керимбек уулу Асылбектин унаасында 10-декабрда келин көз жарган. Бул тууралуу «Кактус» жазып, видео менен бөлүштү.

«Мен таксиде иштеп жатканыма 3 жылдай болуп калды. 10-декабрда Калык Акиев менен Чокморов көчөсүнөн буйрутма түштү. Барсам эки эже, анан бир эркек киши түштү. №2 төрөткананы белгилеп коюшуптур. Унаанын эшигин ачып, колундагыларын алып салып жатканымда «мен төрөтканага жетпей калдым окшойт» деди. Мен түшүнбөй калдым. Жанындагы эже жардам берип, ымыркай унаада төрөлдү. Бала ыйлады. Мен эрте жеткиргенге аракет кылдым. 2-3 мүнөттө жеттик. Баланын абалы жакшы экенин айтты. Баланын өмүрү узун болуп, кыргыз элине кызмат кылган жаран болсун! Чыгарда барып, куттуктап келебиз», — деди ал.