Төрөттөн кийин каза болгон келиндин кайненеси: «Бешик той берип, дасторконду жакшылыкка жаябыз деп отурган элек»

Бул жолу биздин телеканалга Кант шаарынын тургуну Бексултан Төрөгелди уулу кайрылды. Ал “19 жаштагы жубайым төрөттөн кийин каза болду. Ал дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлдү” дейт.

Бексултан Төрөгелди уулу 10 күндүк наристеси менен калды. Анын айтымында, төрөт үйүнөн чыккандын эртеси эле келиндин дене табы көтөрүлүп, кусуп баштаган. «Азыр кызым 2 ай мурда төрөгөн жеңемдин колунда. Эмчектен чыгаргыча дегенбиз. Азыр баары жакшы. Кыз аман-эсен», — деди жолдошу.

«Биз келин алганыбызга 1 жыл болгон. Жакшынакай кылып, алып келгенбиз. Аман-эсен көз жарып алды деп сүйүнүп жаттык. Төрөтүп туруп, 2 күндөн кийин чыгарып жиберди. 5 күн кармаса болот эле да. Келинди сойдурганда жатынынан 2 литр ириң чыгыптыр. Ичинде тон калыптыр. Канттын төрөтканасы күнөөлүү. Келиним 19 жашта болчу. Дасторконум жакшылыкка жайылса болбойт беле. Ботодой боздоп ыйлап отурам», — деди келиндин кайненеси.