Төрт, беш, алты жана жети миллионунчу кыргызстандык качан, кайда төрөлгөн?

Бүгүн, 19-октябрда жети миллионунчу кыргызстандык Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы — Айжаркын Сыраждинова 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр.

Өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн, ал эми беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда Бишкекте, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.