SUPERTV’нын бул жолку каарманы мындан 2 жыл мурун поезддин алдында калып, эки бутунан айрылып калган Тилек Жумабеков. Анын айтымында, окуя Жаңы жыл түнү болгон. Достору менен майрамдап отуруп, мас абалында поезддин жолунда жатып калган. Эртеси ооруканада ойгонуп, эки буту жок экенин билген.
Каарманыбыз учурда үй-бүлөлүү. Жубайы Фарида Асланова экөө интернеттен таанышып, баш кошушкан. «Мен кырсыктаптыр деп уктум. Баары эле «мындан аркы жашоосу кандай болот» деп жатышты. Мен ал учурда келбетин да көргөн эмесмин. Бирок Тилек үчүн аябай жаман болдум. Кырсыктаган соң, 3 айдан кийин бардым. Акыбалы оор деп баргандан корктум. Орозо айы бүтөйүн деп калыптыр. Сооп алайын деп ошондой үйлөргө барчумун. Тилек деле ошондой эле болду. Барып эле кетем деп ойлогом. Чалышып, дарегин сурап, бардым. Кирип, майда-чүйдөмдү берип кеткем. Ошондон кийин чалышып, сүйлөшүп баштадык. Үй-бүлөмө кырсыктаптыр деп айттып жаткам. Сүйлөшүп баштаганда апама айттым. Апам атама айтыптыр. Анан туугандар укту. Ар кандай ойлор айтыла баштады. Жакшысынан да жаманы көп болду. Мага тандоо оңой болгон жок», — деди жубайы.









