«Туулган күндү жакшы көрөт». Күчүктүн туулган күнүн өткөргөн кыз тууралуу эжеси айтып берди

Социалдык тармактын колдонуучулары күчүктү туулган күнү менен куттуктап, ырдап жаткан ширин кыздын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Видеодон көрүнгөндөй, кыз күчүгүнө торт да алып барган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги кыздын эжеси менен байланышканыбызда, 5 жаштагы Аделянын туулган күндү жакшы көрөрүн айтты. «Аты Аделя, 5 жашта. Баткен шаарынын Бужум айылынан болот. Менин бир тууган эжемдин кызы. Мен шаарда окуйм, ошондуктан мага айылдан видеолорун байма-бай жөнөтүп турат. Бул күчүктү бакканына 1 ай гана болуптур. Үйдөгү тортту алып барып бериптир. Күн сайын туулган күн болсун деп турат. Шоколад болсо деле үстүнө ширеңке күйгүзүп, «туулган күнүң менен» десе аябай сүйүнөт. Күчүктү да ошентип куттуктаптыр. Мага күчүктүн видеосу келгенде, аябай жагып, киргизип койгом. Көп көрүү алат деп ойлогон эмесмин. Сонун комментарийлерди жазып жатышат», — деди ал.

Сүрөттөр апасынын уруксаты менен жарыяланды.