Буга чейин Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков билдирген.
Кечээ, 1-декабрда ал репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун маалымдаган. Ал эртең, 3-декабрда Түштүк магистралдан тартып Совет көчөсүн бойлой «Ала-Тоо» аянтына чейин уланмак.
Бүгүн, 2-декабрда Афтандил Жоробеков Октябрь райондук милициясына сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.
Ошол эле учурда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров соцтармактагы баракчасына Афтандил Жоробековдун учурда сурак берип жатканын жазды.