«Туура эмес диагноз коюп жатышат». Депутат 4 айда 16 бала каза болгонун айтты

Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык ооруканасындагы акыркы үч жылдык көрсөткүчкө ылайык, ар кандай оорулардын кесепетинен 2021-жылы 55 бала, 2022-жылы 53 бала, 2023-жылдын төрт айында 16 бала каза болгон. Бул тууралуу депутат Эльдар Сулайманов билдирди.

“Дарыгерлер туура эмес диагноз коюп жатышат. Мындан улам дарылоонун протоколу дагы туура эмес болууда. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берилип, текшерүүгө алынышы керек”, — деди ал.