Түмөнбай Колдошов искусство университетинин ректору болуп дайындалганын айтты

Түмөнбай Колдошов искусство университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады.

«Буйрук чыкты. Конкурстун жыйынтыгы менен ректор болуп дайындалдым»,- деди ал.

Колдошов буга чейин маданият министринин орун басары болуп эмгектенип келген. Редакция аталган министрликке кайрылганыбызда, буйрук өкмөттөн чыгарын, алардын колуна азырынча тие элегин айтышты.