Түн тынч өттү. Чоң-Алай жана Баткенде кырдаал чыңалуу бойдон сакталууда

Бүгүн, 18-сентябрь саат 08:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

18-сентябрга караган түн тынч, терс окуялар катталган жок. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Өлкө жетекчилиги кырдаалды турукташтыруу, чыр-чатактарды курчутуу жана провокациялоо аракеттерин басуу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.