«Түн тынч өттү». Кыргыз-тажик чек арасында саат 8:00гө карата абал туруктуу

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, түн тынч өтүп, кыргыз-тажик чек арасында саат 8:00гө карата абал туруктуу.

«Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головнойдо абал туруктуу деп бааланууда. Түн тынч өттү. Чек ара кызматы абалды көзөмөлдөп жатат», — деп жазылат маалыматта.