«Түркия бул оор күндөрдү кайраттуу басып өтөт». Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ал ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Садыр Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирди. Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган ага кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык айтты.