Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга акча чогултууга эсеп ачылды

Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргыз Республикасында акча каражаттарын бир жерге чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Табийгат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар бул эсептин реквизиттерине акча каражаттарын которо алат.

Банк: “Айыл Банк” ААК ИНН 01803199710084 БИК 135001 ОКПО 30597768 Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”; Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам. Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер: — ӨКМ —112; — Президенттин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.

Президенттин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын Түркиядагы акыркы окуяларга байланыштуу материалдык жардам катары которушту.