Түркияда жер титирөөдөн Кыргыз жараны каза болду деген маалымат ырасталган жок

Бүгүн, 10-февраль саат 12:00гө карата Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен Кыргыз жараны каза болду деген маалымат боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

«Учурда мекендештин жашаган жеринде куткаруу иштери жүрүүдө. Азырынча аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Окуя болгон жерде Анталиядагы Башкы консулдуктун жетекчиси жана кызматкерлери иштөөдө. Маселенин сезимталдыгынан улам министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынан такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым жергиликтүү ЖМКлар Түркияда 37 жаштагы кыргыз келин каза болгонун жазып чыгышкан.