Түркиянын аймагында кармалган Кыргыз жараны үй камагына чыкты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Газиантеп провинциясынын сотунун 9-майдагы чечимине ылайык, ал тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу анын жактоочусу менен биргеликте жарандын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.










