Түркиядагы кыргыз куткаруучу: «21 жаштагы кош бойлуу келинди аман алып чыкканда, куткаруучу экениме сыймыктандым»

Түркиядагы урандынын алдынан жарандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кыргыз куткаруучу 5 адамды аман алып калышканын айтып, ойлору менен бөлүштү.

«5 адамды аман алып калдык. Ошолордун ичинен эсимден кетпей турган окуя 21 жаштагы кош бойлуу келинди куткарган күн болду. Ошол келинди биздин куткаруучулар тапты. Биз бардык. 1 сааттай убакыт кетти. Кандай жагдайда жатасың, отура аласыңбы дедим. Колуңду же бутуңду чыгара аласыңбы деген убакта башы биз тарапта экен. Диванда жаткан экен, колун чыгарды. Эң биринчи эле «суу бергилечи» деди. Чыгардык. Туугандары келип, 6 айлык боюнда бар экенин айтышты. Туугандары ыраазы болуп жатышты. Бир эле эмес, эки адамды куткарып жатабыз деген сезимдер болду. Куткаруучу экениме сыймыктандым»,- деди ал.