Түркиянын ички иштер министри Бишкекке келди

Кыргызстанга Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу келди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Келген меймандарды «Манас» аэропортунда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алган. Кечке чейин тараптардын бир катар жолугушуулары белгиленип, Түркиядан келген делегациянын Бообек Ажикеев менен жолугушуусу өтмөкчү.