Abank
SerepTV Logo

"Түрмө пансионат эмес". Ташиев абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга жооп берди

"Түрмө пансионат эмес". Ташиев абактагы шартка нааразы болгон саясатчыларга жооп берди
"Мамлекетти күчтүү кылууга учур келди. Учурдан пайдаланып калалы". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. "Кыргыз деген атты сактап калыш, кийинки муунга өткөрүп бериш биздин колубузда. Ал эми талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен тили менен буудай куургандар, мамлекетти тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жаза беришибиз керек. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Кээ бири азыр "түрмөдө бизди катуу кармап жатат" деп жатышат. Түрмө пансионат эмес. Түрмө деген түрмө. Ал ошол үчүн курулган. Ошого чыдабайбы мыйзам бузбасын", - деди ал.