Бул жолу биздин телеканалга эки кыздын энеси Гүлмира Избасканова кайрылды. Ал мындан он чакты жыл мурда гезиттеги жарыя аркылуу жигит менен таанышып, сүйүшүп, кийинчерээк анын абакта экенин билгенин айтат. Каарманыбыз темир тор артындагы жолдошу тууралуу айтып берди.
«Жашым 39да. 20 жашымда турмушка чыккам. Уулубуз бар. Жолдошум каза болуп калган. Каза болгондо аябай кыйналып жүрдүм. Өгөй атамдын колунда күн кечирдик. Уулум экөөбүзгө кордук көрсөткөн. Гезит аркылуу бир жигит менен таанышып калдым. Жакшы сүйлөшүп кеттик. Каякта экенин сурасам, алыста экенин айтты. Ошол учурда жалгыздыктан кыйналып жүргөм. Ал да жакшы сүйлөп, көңүлүмдү көтөрүп турчу. Ошонусуна арбалып калдым окшойт. Анан түрмөдө экенин айтты. Сүйлөшкүм деле келбей жаткан, бирок ага көнүп калыптырмын. Акыры түрмөгө бардым. Биринчи көргөндө анча деле жаккан эмес. Экинчи жолу киргизбей койду. Биринчи барганда эле молдо таап, нике кыйдырганбыз. Документ болмоюн болбойт деп коюшту. Документ бүтүрдүк. 3 күнгө уруксаат берилет экен. Барып жүргөн учурларда боюмда болуп калды. Ал да убактылуу чыгып жатканын айтты. Түрмөдөн алып чыктым»,- деди ал.