Бул жолу биздин телеканалга эки кыздын энеси Гүлмира Избасканова кайрылды. Ал мындан он чакты жыл мурда гезиттеги жарыя аркылуу жигит менен таанышып, сүйүшүп, кийинчерээк анын абакта экенин билгенин айтат. Учурда ал 39 жашта. 20 жашында турмушка чыгып, уулдуу болгон соң, жолдошу каза болуп калган.
Ал гезит аркылуу жигит менен таанышып, жакшы көрүп калган соң, анын түрмөдө экенин билген. Ага карабастан жолугушууга барып жүргөн. Кезектеги жолугушуудан кийин боюнда бар экенин билген. Жолдошу да убактылуу түрмөдөн чыгып жатканын айтып, сүйүнчүлөгөн. «Апам жактырган жок. Батамды бербейм деди. Ал менен мен жашайм деп, боюмда бар экенин айттым. Канттан Бишкекке келдик. Самсы бышырып иштеп калдык. Кыздуу болдук. Шахзода деген ысым берди. Аябай кыйналып жаттык. Акчага сараң болчу. 5 килограмм унду 1 айга жеткир дечү. Ошентип жүрүп экинчи кызым боюмда болуп калды. Анда да кыйналдым. 7 миң сом батир акчасын төлөй албай, арзан жакка көчтүк. Анан эле жолдошум телевизор, телефон, плита көтөрүп келип жатты. Каяктан десем, арзан бирөө сатып жатыптыр деп койду. Бир күнү милиция келип, баары уурдалганын айтты. Үйдөгүнүн баарын алып кетишти. Күйөөм камалды. Акыркы жолу жолдошумду соттон көрдүм. Жолдошум 7 жылга соттолду. Телефондон байланышып жаттык. Балдарды 1 жолу көргөн, ошондон бери дайыны жок. 8 жылга кетти байланышка чыкпаганына. Бир чалган жок», — деди ал.