Тышкы карызды азыр төлөп койсо болобу? Акылбек Жапаровдун жообу

«Балбак Түлөбаев сырткы карызды азыр төлөп койсо болот деп чыкты. Чын эле азыр төлөп салсаңар болобу? Болсо эмне үчүн төлөбөй жатасыңар?» деп суроо салган «Кабар» агенттиги Министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаровго.

«Ооба, азыр төлөп койсок да болот. Бирок келишим боюнча мөөнөтүнөн эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет. Келишимде эгер мөөнөтүнөн мурда төгөбүз десеңер анда үстөгүн 2 пайыз эмес, баланча пайыз менен төгөсүңөр деп көрсөтүлгөн. Ошол үчүн сырткы карызды график боюнча эле төлөгөн туура болот. Кудайга шүгүр. Карыздарыбыздын баарын өз убагында график менен төлөп берүүгө кудуретибиз жетет. Эң негизгиси бөөдө кырсыктан сактап, өлкөбүздө тынчтык болуп турса болду»,- деген Жапаров.

Депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөп коёрун айткан.