Кечээ, 25-август күнү саат 17:30 чамасында Биринчи Май районундагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Ала-Арча суусунда 2 жаш бала колго жасалган жарылуучу затты жардырган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2010 жана 2011-жылы туулган жаш балдар жабыркаган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган 2 баланы чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.












