УКМК Чыңгыз Айдарбековдун кармалганын четке какты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кармалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле Айдарбековдун кайсы бир иш боюнча суракка алынганын четке какты. УКМКнын маалыматы боюнча, депутат Казакстандын чек арасынан өткөн.

27-ноябрга караган түнү депутаттар Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев кыргыз-казак чек арасынан өтмөкчү болгондо «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалганы айтылган. Алардын УКМКга жеткирилгени маалымдалган. Кийинчерээк Жамгырчиевдин бошотулганы маалымдалган.