УКМК: «Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды»

FILE - In this Nov. 5, 2018 file photo, a drugstore employee reaches for medicine from shelf in downtown Tehran, Iran. According to a study published in the British journal Lancet on Thursday, Aug. 22, 2019, researchers say a cheap daily pill that combines four drugs cut the risk of heart attacks, strokes and heart failure in a large study, suggesting it could be a good way to prevent heart problems. (AP Photo/Ebrahim Noroozi)

Эң керектүү 500дөн ашык дары-дармектердин баасы арзандатылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, биринчи этапта жашоого маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн 500дөн ашык дары-дармектер аныкталып, алар бүгүнкү күндө ири дарыкана түйүндөрүндө дүң жана чекене баалары мурунку баасын 10 пайыздан 68 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

«Азыркы учурда жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тобунун жеткиликтүүлүк абалына баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге, дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу Министрлер кабинетинин 28-июлундагы №91- «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде жүргүзүлөт. Баалардын реалдуу абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү үчүн дарыкана түйүндөрүндөгү бааларды төмөндөтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтында жайгаштырылып, коомчулукка жеткирилип турат», — деп айтылат маалыматта.