УКМК: “Камчыбек Ташиев тажик тарап кармап алган 4 чек арачыны бошотуп чыкты”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга кирип, ал жакта кармалып жаткан чек арачыларды бошотуп чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан тастыкташты.

Маалыматтарга караганда, 4 чек арачы бошотулган. Саат 21:00дө Ташиев 4 чек арачы менен Кыргызстандын аймагына кирген.