Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдар боюнча ыкчам-тергөө иш–чараларды жүргүзүүнүн алкагында, «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген, «Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстан Республикасынын ири бизнесмендеринин бири — Жумабеков Ерканат Берикбаевич тарабынан каржылоо фактылары аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.
Жумабеков Асанбектин кылмыштуу ишмердигин билип туруп, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип, опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыктарын колдоо жана экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында «Мыйзамдагы ууру» Камчы Асанбек менен тыгыз байланышын түзгөн.
Ошол эле учурда, Жумабеков кылмыш дүйнөсүнүн лидери менен достук мамиледе болуп, Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Барс» эс алуу борборунун аймагында Асанбек менен бир нече жолу бош убактысын жана жолугушууларын өткөргөнү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин жакын туугандарына Алматы шаарынын аймагына барганда ар тараптуу каржылык жардам көрсөткөнү аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Жумабековго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланды.