Abank july
SerepTV Logo

УКМК кызматкерлерине көп кабаттуу алты үй куруу үчүн тендер жарыяланды

УКМК кызматкерлерине көп кабаттуу алты үй куруу үчүн тендер жарыяланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине көп кабаттуу 6 үй куруу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жүктөлдү. Анда мамлекеттик кызматкерлер үчүн аталган 9 кабаттуу 6 объектке турак үйлөрдү курууга 580 миллион 935 миң сом бөлүнөрү жазылган. Жана курулуштун долбоорунда Бишкектин Манас проспектисине курула турган турак үйлөр 2022-жылдын август айында аякташы керектиги дагы белгиленген. Ал эми тендердик сынакка катышууну каалагандар компаниялар  25-февралга чейин тапшырык берүү керек.  
Unknown Author