УКМК Низовскийдин иши боюнча Акыйкатчы институтун тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды

УКМК популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиршти.

«Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт. Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн. Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган. Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү чечими кабыл алынган. Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз»,— деп айтылат маалыматта.