УКМК тарабынан кармалган «Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев видео кайрылуу жасады

Кечээ УКМК тарабынан кармалган «Азия MIX» командасынын мурдагы мүчөсү Марат Жуманалиев видео кайрылуу жасап, акыйкаттуулук бар экенин айтты.

«Бардыгы жакшы, аман-эсенмин. Олуттуу түшүнбөстүк болуп кетти. Такташтык, бири-бирибизден кечирим сурадык», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча УКМК азырынча комментарий бере алышпарын айтышты.