УКМК тарабынан кармалганы айтылган депутат Эмил Жамгырчиевдин бошотулганы маалым болду

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКдан бошотулду. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында, кесиптештери Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Кордайдагы өткөрмө бекети аркылуу акыркы сапарга узатуу зыйнатына кетишмек, бирок «Ак-Жол» постунда Эмил Жамгырчиевге чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон. «Ал УКМК тарабынан кармалган. Биз чогулуп, ал бошотулду», — деп жазган ал.

УКМК бул окуя тууралуу азарынча маалымат бере элек.