УКМКнын алдында №87 мектепте каза болгон кыздын жакындары митинг өткөрүп жатышат

Бүгүн, 23-ноябрда УКМКнын алдында №87 мектепте жүрөк оорусунан каза болгон кыздын жакындары митингге чыгышты.

Чогулгандар мектеп жетекчилигин, класс жетекчисин жана информатика мугалимин жоопкерчиликке тартууну суранышат. Митингчилер кыздын өлүмүнө мугалимдер жамааты күнөөлүү деп эсептешет.

2021-жылдын 11-мартында кыз сабак учурунда эсин жоготуп, ооруканага жетпей каза болгон. Буга байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын төрайымы, акимдин орун басары Асел Садыкова билдиргендей, мугалим жана дарыгерлер колдон келген аракетин жасап, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, 4 жолу Тез жардам кызматын чакырышкан. Кыздын апасы тез жардамды күтпөй, өтүп бара жаткан унаага салып ооруканага алып кеткен. Бирок анын аракетине карабай кыз каза болгон.