Бүгүн, 11-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын Жумгал райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ал УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.
Буга чейин Маданият министрлиги жарыялагандай, бүгүн, 31-августта "Ала-Тоо" аянтында дрондордун шоу программасы көрсөтүлдү. Техникалар асманга айкөл Манастын, Кыргызстандын туусунун, комуздун,...
ИИМдин тийиштүү кызматтары тарабынан 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33-жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чара учурунда коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо...
Өлкө башчысы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги...
Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук аянтта 33 баланын...