УКМКнын кызматкери журналистке кол салды деген маалымат боюнча УКМК үн катты

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жарандын журналистке кол салганын айткан эле. Бул боюнча УКМК үн катып, териштирүү жүргөнүн билдирди.

«УКМКнын кызматкеримин» деп өзүн тааныштырып, белгисиз адам тарабынан кысым көрсөтүлдү деген факты боюнча түшкөн арызды кароонун алкагында, убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну аныкталып, УКМКнын кабыл алуу бөлүмүнө алып келинген.

«12-октябрга караган түнү ал тургун «Шахрезада» ресторанында мас абалында эс алып жаткандыгын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш болгон журналист да болгонун айтып түшүндүрдү. Аны менен баарлашуу ийгиликсиз болгонунан тамашалап, өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Ошол эле учурда ал УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты», — деп айтылат маалыматта.