УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов Самат Курманкуловдон кабар алды

УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун Кой-Таш окуясында жабыркаган Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкулов менен түшкөн сүрөтү жарыяланды.

Маалыматтарга караганда, Суталинов Курманкуловдон кабар алуу үчүн барган.

2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Ооруканада комага түшүп, ага 2 жолу операция жасалган.

Ал эми Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча башкы фигурант катары өткөндөрдүн бири болгон. «Кыргызстандагы кылым соту» аталган бул иш учурунда ал бөйрөгүн алдырып (рактын 3-стадиясы), химиотерапия алып жаткан. Февраль айында Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан болчу. 2019-жылы эркиндикке чыккан.