УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевге алты кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта Абдил Сегизбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталып жатканы көрсөтүлгөн.
«Биринчи иш «Белизгейтке» байланыштуу. Тактап айтканда, Сегизбаев өз ыйгарым укуктарын пайдаланып, Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев жана Алмамбет Шыкмаматовду каралоо максатында далилдерди топтогон. Ал 2016-жылы Белизгейт жөнүндө жалган маалымат тараткан», — деп билдирди Башкы прокуратура.
Көзөмөл органы Абдил Сегизбаевге каршы козголгон экинчи иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин ортосунда Көк-Жар кичи районунда турак жай бөлүштүрүүгө байланыштуу деп билдирди. Турак жай кодексинде биринчи кезекте кыймылсыз мүлк кимге бөлүнүшү керектиги так көрсөтүлгөн.
«Абдил Сегизбаевдин жеке көрсөтмөсү боюнча УКМКнын 9-кызматынын башчысы Дамир Мусакеев жана турак жай комиссиясынын төрагасы Б.Нуржигитов прапорщик М.Жумагуловго үч бөлмөлүү батирди мыйзамсыз беришкен. Үчүнчү иш боюнча, Сегизбаев УКМКнын кызматкерлери Э.Базакечовго, А.Жаманаковго жана М.Жумагуловго жекелештирилген куралды мыйзамсыз берген. Төртүнчү иш Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу»,— деп түшүндүрүштү.
Бешинчи иш атайын кызматтын айрым жетекчилеринин мыйзамсыз сапарына байланыштуу. 2017-жылы алар бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө сапарга барып келишкен. Көзөмөлдөөчү органдын айтымында, бул сапарлар негизсиз болгон. Мамлекетке келтирилген зыян аныкталып жатат.
Абдил Сегизбаевге каршы алтынчы кылмыш иши «Жашыруун» аталышында тергелип жатат.
Эки күн мурун Башкы прокурор Зулушев Сегизбаевдин алты кылмыш иши боюнча сурак берип жатканын айткан. Көп өтпөй анын адвокаты бир гана кылмыш иши козголгонун, ал «Белизгейт» боюнча суралып жаткандыгын айткан болчу.
Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.
Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле. Абакта жаткан Сегизбаев кайрылуу жасап, анын штабында иштеген адамдар эч кандай мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан эле.