УКМКнын СИЗОсунда асынган абалда табылган Бакыт Асанбаевдин сөөгү жерге берилди

Сүрөт жарандык активист Адилет Балтабайга таандык.

Бүгүн, 19-июнда УКМКнын СИЗОсунда асынган абалда табылган Бакыт Асанбаевдин сөөгү жерге берилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Новопавловка айылында өттү.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле «Айыл банк» ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтарап изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.