Украинада жарадар болгон 50 жаштагы Аманбек Курбанбаев каза болду

Украинада жарадар болгон 50 жаштагы Аманбек Курбанбаев каза болду. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары билдирди.

Аманбек Курбанбаев 1972-жылы 1-августта Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 2022-жылы март айында Украинадагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн кеткен, май айында жарадар болгон, 5-июнга чейин реанимацияда жатып, 8-июнда Москва убактысы боюнча 09:20да 15-операциядан кийин каза болгон.

Маалыматка караганда, Москвадагы мекендештер маркумдун сөөгүн мекенине алып келүүгө жакындарына жардам беришкен. 11-июнь күнү мекендештер Курбанбаев менен коштошуу уюштуруп, андан соң анын сөөгүн Ошко алып кетишкен.