Украинада каза болгон кыргыз жигиттин сөөгү эртең Ошко жеткирилет

Украинадагы согушта 18-майда каза болгон 19 жаштагы Сыргакбек Өзүбековдун сөөгү эртең, 30-майда Южно-Сахалинск шаарынан Ошко жеткирилет.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашкандай, маркум Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган.

Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. 5-апрелде Украинада снаряд жарылып көз жумган Исламжон Камиловдун сөөгү Кыргызстанга 21-апрелде алып келинген. Анын сөөгү Өзгөндө жерге берилген эле. Үчөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.