Кечээ, 23-апрелде Украинада каза болгон орусиялык аскердин сөөгү Өзгөндө жерге берилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
20 жаштагы Исламжон Камиловдун сөөгү Кыргызстанга 21-апрелде алып келинип, 23-апрелде «Кант» аба майданынан анын туулган жери Кара-Дыйкан айылына жеткирилди.
Орусиянын жарандыгын алган Исламжон Камилов Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн келишимдик негиздеги аскер кызматкери болгон. Ал 5-апрелде Украинада атайын операциянын жүрүшүндө снаряд жарылып көз жумган.
Буга чейин 25-мартта Украинада каза болгон Эгемберди Дорбоев аттуу кыргыз жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилген. Бул окуяга удаа эле 27-мартта Украинада каза болгон Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилген. Экөөнүн тең сөөгү Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу мекенине жеткирилген болчу.