Дары-дармек дагы кымбаттайбы? Украинадагы кырдаал Кыргызстанга кыйынчылык жарата баштады

Бүгүн, 2-мартта Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Украинадагы кырдаалдан улам Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлогону айтылды. 

Кыргызстандын Фармацевтика биримдигинин жетекчиси Эрнис Асанов белгилегендей, Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн дары-дармек жана медициналык буюмдар импорттолот. Орусиядан жана Украинадан келген товарлардын үлүшү өлкөгө импорттун 60 пайызга жакынын түзөт. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды эске алуу менен Украинада берилген бардык буюртмалар жокко чыгарылды жана жеткирүүлөрдү кайра баштоо мүмкүнчүлүгү белгисиз бойдон калууда. Ошондой эле Орусияга каршы көпчүлүк өлкөлөрдөн санкциялар киргизилип жатканын эске алып, орусиялык өндүрүүчүлөр рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу товарларды ташууну белгисиз мөөнөткө токтотту.