Украинадагы элчилик кыргызстандыктарды эвакуациялоону баштайт

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бүгүнтөн тарта өз жарандарын эвакуациялай баштайт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы Идрис Кадыркулов билдирди.

Элчинин айтымында, эвакуация коменданттык саат аяктагандан кийин дароо башталат. Дипломаттар анын багытын жарыялай элек. Кошумча маалымат берилерин айтышты. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Украинада 1357 Кыргыз жараны бар. Консулдук кызматта 680 кыргызстандык каттоодо турат. Украина-Польша чек арасынан тогуз адам үй-бүлөсү менен өткөн. Буга чейин элчиликтен 300 кыргызстандык өлкөдөн чыгып кеткиси келгенин билдиргенин маалымдашкан.