Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кыргызстандыктарды Румыния аркылуу эвакуациялоонун кошумча жолун иштеп чыгышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Бухарест шаарынан учуп кетүү үчүн Румыния төмөнкү талаптарды билдирди:
- Кыргыз Республикасынын жарандары транзиттик визаны Черновцы шаарындагы Школьная көчөсү, 16 дарегиндеги Румыниянын Башкы консулдугунан алышы керек же +380372545434 номурлары, ошондой эле евиза.mae.ro шилтемеси боюнча электрондук визага кайрылыңыз.
- жаныңызда ПЦР-тести же эмдөө сертификаты болушу керек.
Кыргызстандыктарды эвакуациялоо боюнча суроолор боюнча Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 кайрылсаңыздар болот.