Украинадан 559 Кыргыз жараны чыгарылып, дагы 93 Кыргыз жараны калды. 93 Кыргыз жаранынын тең жарымы түрдүү себептерден (үй-бүлөлүк, турмуштук шарттар, жеке ишкердик, туугандарынын ден соолугунун начардыгы) улам эвакуациялоодон баш тартып жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Элчинин айтымында, элчиликтин консулдук каттоосунда 680 Кыргыз жараны турган, бирок элчиликтин дарегине жардам сурап кайрылгандардын саны өсүүдө.
Согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарда калган Кыргыз жарандарынын саны төмөндөгүдөй:
— Николаев облусу — 10;
— Киев облусу — 3 (бир үй-бүлө);
— Житомир облусу — 3;
— Харьков шаары — 6 (баары баш тарткан);
— Киев шаары — 9 (баары баш тарткан).