Украинанын шаарларындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Украинанын аймагында жашаган Кыргыз жарандары үчүн ишеним телефонун уюштурушту. Алар консулдук жана укуктук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча кайрыла алышат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Ошондой эле элчилик Украинанын аймагындагы Кыргыз жарандары менен дайыма байланышта экенин билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алган Кыргыз жарандары жок.
Украинадагы Кыргызстандын элчилигинин номурлары: +380997573413, +380442370346, +380442370348.
Кечээ, 10-октябрда Киевдин борборунда күчтүү жардыруу болду. Жардыруулар Хмельницкийде, Житомирде, Тернопольдо, Днепрде, Кривой Рогдо жана Львовдо да катталды. Жарадарлар жана каза болгондор бар экени белгилүү, бирок алардын саны азырынча айтыла элек.










