Улак тартышта уткан унаасын өзү иштеген бөлүмгө тапшырган милиция кызматкери: «Оюмду ата-энем кубаттады»

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №3 милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын капитаны Асхат Субанов улак тартышта байгеден утуп алган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаасын Ак-Буура милиция бөлүмүнө берди. Ал бул кадамын «коомдук коопсуздукка кошкон салымым болсун» деп түшүндүрдү.

«Мен февраль айында эмгектик өргүүдө жүргөн учурумда улак тартыш улуттук оюндарына катышып, 2 унаа уттум. Ошол экөөнүн бирин өзүм иштеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө берүүнү чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы кубаттап, колдоп беришти», — дейт Асхат Субанов.

12-мартта аталган унааны башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчыларынын катышуусунда тапшырды.