Акыркы учурда биздин көптөгөн жарандарыбыз алдамчылардын курмандыгы болууда. Буга чейин каржы пирамидалардан, жер тилкелерин саткан шылуундардан, турак-жай кооперативдеринен жабыркап келишкен болсо, бүгүнкү күндө жалган туризмден, электрондук акча жүгүртүүдөн, биргелешкен бизнестен жана алдамчылыктын жаңы түрү болгон электрондук кумарканалардан жабыркап жатышат. Бул тууралуу ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков билдирди.
«Оңой олжо менен алектенген адамдарга, алардын бириккен топторуна, уюштурган тараптарга эч кандай ырайым болбошу керек. Адам укуктары толугу менен корголуп, мыйзамдын үстөмдүгү өкүм сүрүп, калыстык дайыма болушу үчүн, бул маселени жер-жердеги биринчи жетекчилер көзөмөлгө алыңыздар.
Айрым кызматкерлердин өз ишине шалаакы мамилесинен, жең ичинен жасаган жоруктарынан жарандарыбыз чындык издеп, жогорку инстанцияларга кайрылып, жардам сураган учурлары аз эмес. Мындан ары, арыз-билдирүүлөрдү өз учурунда мыйзамдуу чече албаган, элдин кайрылууларына көңүл бурууга жарабаган кызматкерлерди, алардын түздөн-түз жетекчилерин аныктап, катуу тартиптик чараларды көрүү үчүн жаңы эрежелерди ишке киргиздик»,- деди ал.