«Улуттар аралык кастыкты козутуу». NEXT TV каналынын директору күнөөнү мойнуна алган жок

NEXT TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшенбиев күнөөнү мойнуна алган жок. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар жана Таалайбек Дүйшенбиевдин өзү экспертиза дайындоо боюнча токтом жана анын корутундусу менен таанышкан. «Экспертизанын мазмуну боюнча азыр эч нерсе айта албайбыз, анткени тергөө иштери жүрүп жатат. Эртең расмий айып тагылып, баш коргоо чарасы тандалат. Экспертиза 3-мартта дайындалып, 4-мартта корутунду чыккан. Эксперттердин корутундусу канчалык негиздүү экенин тергөө учурунда айтабыз. Жыйынтыгын талашабызбы же комиссиялык экспертиза сурайбызбы, аны убакыт көрсөтөт. Эртең биз камоого байланышпаган баш коргоо чарасын сурайбыз», — деди Тимур Султанов.

Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, 48 саатка камакка алынган.