Улуттук энергетикалык холдинг: «Күз-кыш мезгилине даярдоо планы аткарылды»

Күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингден билдиришти.

«Негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту өз убагында аткарылды (Күрп-Сай ГЭСинде 2 агрегат, бирден Таш-Көмүр ГЭСинде, Шамалды-Сай ГЭСинде жана Үч-Коргон ГЭСинде.) Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери жүргүзүлдү. Электр тармактары боюнча 479,4 чакырым электр берүү аба чубалгыларына оңдоо жүргүзүлдү. Мындан тышкары, республиканын региондорунда 128 кошумча КТП орнотулган, 166 ашыкча жүктөлгөн трансформаторду чоң кубаттуулукка алмаштыруу жүргүзүлгөн, 346 чакырым электр берүү чубалгылары курулган жана реконструкцияланган. Мындай иш-чараларды өз убагында өткөрүү ашыкча жүктөөлөрдөн жана авариялардан сактануу үчүн күз-кыш мезгилине сапаттуу жана ишенимдүү даярдыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.