Улуттук госпиталда аял көз жумду. Ал менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткан

Улуттук госпиталда аял каза болду. Ал менчик клиникадан оор абалда №2 анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун бир тууган сиңдиси билдирди.

Редакция оорукананын бөлүм башчысы Гүлжан Жузубалиева менен байланышканыбызда аялдын Улуттук госпиталга оор абалда, комадагы абалда түшкөнү маалым болду. «14-июнда Art clinic клиникасынан Улуттук госпиталга аял киши комага түшкөн абалда жеткирилген. Биз изилдөө жүргүзүп, дарыгерлер операция кылышкан. Операциядан кийин реанимацияда болду. 18-июнда ал көз жумду. Аялга менчик клиникада липосакция жасалган экен», — деди ал.

Ошондой эле маркумдун сөөгүн ачканда кан агуу жок, перитонит — ичегилердин жабыркаганы аныкталганын журналисттерге билдирген. «Ичегилер качан жана кантип жабыркаганын айта албайм, бул менин компетенциямда эмес. Хирургдар операция жасап, андан соң бейтапты жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык, ал 18-июнь күнү саат 17:00дөр чамасында эсине келбей каза болду. Биз бардык керектүү медициналык жардам көрсөттүк, бирок ал каза болду», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги аты аталган клиникага чалып, чалуу жоопсуз калды.