Улуттук онкология жана гематология борборунда жатын моюнчасынын рагын дарылоочу аппарат кайрадан иштен чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда СЕРЕП МЕДИА агенттигине борбордун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Бактыгүл Бекбоевна билдирди.
Анын айтымында, бир эле аппарат бар. Бирок ал да иштөө жүгүн көтөрө албай бузулуп жатат. Негизинен борборго мындай 3 аппарат керек болчу.
“Учурда аппарат иштебей жатат. Бизге мындай аппаратын 3 даанасы керек. Анткени бир аппарат иштөө жүгүн көтөрө албай бузулуп жатат. Бизге министрлик аппартты оңдоого акча бөлгөн. Тендер өткөрүп оңдогон жатабыз”,— деди ал.
Борбордун кызматкерлеринин айтымында, оорулуулар аппараттын жоктугунан Орусия менен Казакстанга барууга мажбур болуп жатышат. Ал эми каражат жактан тартыштыгы барлар кезек күтүүдө.










