2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзөт. Тескемеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө президенттин фондунан 4 миллион 141 миң сом бөлүү тапшырылды:
– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдарга жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдарга.
Аксы окуясында курман болгондор эскерилди
Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы “Шейит мазарында” 2002-жылы болгон кайгылуу окуяда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы...










